• Русский
  • Кыргыз
  • English
  • November

    12

    2022

Бакыян айылында аялдар үчүн фитнес клуб ачылды

Жумушсуздук боюнча Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен экинчи орунда турат. Өлкөдөгү өндүрүш ишканалары менен фабрикаларынын санын бармак менен санап чыгууга болот. Бирок, ага карабастан, аймактардын тургундары өз алдынча бизнес ачып, өздөрүн гана эмес, айылдаштарын да жумуш менен камсыз кылып жатышат.

Мисалы, Талас облусунун Кара-Буура районундагы Бакыян айылында Жазгүл Айдаркулова тарабынан ачылган алгачкы фитнес клуб. Бул элеттик аялдардын бош убактысын өткөрүп, ден соолуктарын чыңдай турган жалгыз жай.

Ошол эле айылда жергиликтүү активисттер мектеп окуучулары жана чоңдор орус жана англис тилдерин үйрөнө ала турган окуу борборун ачышты.

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Орозбеков айылында үч баланын энеси Наргиза Бахапова кондитердик цех ачты.

ФСДС коомдук фонду жаңы баштаган ишкерлерге бардык долбоорлорду ишке ашырууга жардам берди.

© Copyright 2020 Fair and Sustainable Development Solutions