• Русский
  • Кыргыз
  • English
  • January

    24

    2020
Ар бир үйгө таза, коопсуз суу

Ар бир үйгө таза, коопсуз суу

ОФ Fair & Sustainable Development Solutions Нарын, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын айылдарында ичүүчү суу менен камсыздоо жана канализация системаларын курууга жана реабилитациялоого жардам берет.

Жардам FSDS коомдук фондунун “Дени сак тамактануу үчүн жергиликтүү тамак-аш системасын колдоо” долбоорунун алкагында көрсөтүлөт.

Бүгүнкү күндө жалпысынан Нарын, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын 20 айылында оңдоо иштери жүргүзүлдү. Жакында 5000ге жакын үй-бүлө таза, коопсуз ичүүчү суу менен камсыз болот.

Бардык объекттер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамкурулуштун Таза суу боюнча департаменти жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте тандалып алынган. Жергиликтүү тургундар да ичүүчү суу системасын жакшыртуу үчүн кудуктарды оңдоого жана башка калыбына келтирүү иштерине өз салымдарын кошуп жатышат.

© Copyright 2020 Fair and Sustainable Development Solutions