Тренинг по бизнес-планированию для туризм тармагындагы ишкерлер
2024-жылдын 7-8-май күндөрү Каракол шаарында Финляндия Өкмөтүнүн жана БУУӨПтун колдоосу менен, FSDS уюму менен кызматташтыкта «Соодага көмөктөшүү» долбоорунун алкагында, туристтик кызмат көрсөтүүчүлөр жана туроператорлор үчүн бизнес-пландарды түзүүгө арналган тренинг өткөрүлдү. Бул иш-чара тажрыйба алмашуу, стратегияларды иштеп чыгуу жана байланыштарды түзүү үчүн мыкты аянтча болду.
Эки күндүк интенсивдүү тренингде туризм, маркетинг жана финансылык багыттагы адистер өздөрүнүн билимдерин жана мыкты практикаларын бөлүшүштү. Алар катышуучуларга заманбап базардын талаптарына жооп берген индивидуалдуу бизнес-модель түзүүгө, чыгымдарды башкарууга, кирешени эсептөөгө жана тобокелдиктерди азайтууга жардам беришти.
Тренингдин негизги багыттарынын бири — окуялуу туризм секторундагы тренддерди жана муктаждыктарды талдоо болду. Катышуучулар туруктуу туризм, инфраструктураны өнүктүрүү жана жергиликтүү коомчулук менен кызматташуу сыяктуу актуалдуу темаларды талкуулашты.
Royal Gate юрта лагерин жетектеген Асель Дилдебаева мындай деди:
«Тренингдин жүрүшүндө Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги бир нече ишкерлер чогулуп, биргелешкен туристтик продукт түзүүнү жана аны биргелешип өнүктүрүүнү чечишти.»
Terra Montis компаниясынын өкүлү Бермет дагы таасири менен бөлүштү:
«Бизнес жүргүзүү, стратегия түзүү боюнча көп нерселерди үйрөндүм, эң негизгиси — пайдалуу байланыштар түзүлдү. Жаңы адамдар менен таанышып, биргелешип иштешүүгө пландар түзүлдү.»
Тренингдин жыйынтыгы — катышуучулардын сапаттуу бизнес-пландарды иштеп чыгышы болду. Мыкты долбоорлорго гранттык колдоо көрсөтүлөт. Ошондой эле гранттар боюнча консультациялар берилди: катышуучулар тапшыруу жол-жобосу жана тандоо критерийлери жөнүндө кеңири маалымат алышты.
Долбоор ийгиликтүү бизнес-пландарды техникалык жактан да колдойт, жаңы жумуш орундарынын түзүлүшүнө, сатуу жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүнүн өсүшүнө шарт түзөт.
БУУӨП азыркы учурда «Борбор Азия өлкөлөрүндө соодага көмөктөшүү» долбоорунун бешинчи фазасын ишке ашырууда. Финляндия Өкмөтү тарабынан каржыланган бул демилге Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын экономикасын турукташтырууга, жашыл өнүгүү жолдорун илгерилетүүгө жана рыноктук өзгөрүүлөргө ылайыкташтырууга багытталган.
Жаңы комментарий кошуу