Бишкекте социалдык кызматкерлер үчүн эрте аралашуу маселелери боюнча тренинг өттү. Тренингке төрт пилоттук район (Талас, Ысык-Ата, Тоң, Бишкек) катышты.

Социалдык кызматкерлер трансдисциплинардык командада иштөө жөндөмдөрүн жогорулатышты, эрте аралашуу кызматтарын өнүктүрүүдөгү алардын ролун аныкташты жана иш-аракеттеринде кейс-менеджментти кандай колдонуу керектигин үйрөнүштү.

Эки күн бою тренингди инвалиддуулук жана инклюзия чөйрөсүндө изилдөөчү Рахат Орозова жана социалдык маселелер боюнча көзкарандысыз эксперт Жаныл Жумабаева өткөрдү.

Тренинг “Рука в Руке” коомдук уюму тарабынан “Fair & Sustainable Development Solutions” (FSDS) коомдук фондунун колдоосу менен уюштурулду.