🧑🏼🌾 FSDS малдын продуктуулугун жогорулатуу жана тоюттун сапатын жакшыртуу үчүн тоют өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун сыноого даярданууда.
Кочкор, Калкагар жана Тосор айылдарында фенологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүп, өсүмдүктөрдүн ар кандай өсүү шарттарында аман калуу көрсөткүчтөрү аныкталат. Мунун баары “Туура тамактануу үчүн жергиликтүү тамак-аш системасын колдоо” долбоорунун алкагында.