• Русский
  • Кыргыз
  • English
  • March

    29

    2023
Достор! FSDS коомдук фондунун командасы Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынан кийин кайтып келди!

Достор! FSDS коомдук фондунун командасы Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынан кийин кайтып келди!

Тоң жана Жети-Өгүз райондоруна караштуу 7 айылды кыдырып, жергиликтүү бийлик башчылары, жергиликтүү тургундар менен жолугуп, аткарылган иштердин жыйынтыгы менен тааныштырдык. Ар бир айылда суу түтүктөрүн жаңыртуу боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүп, айыл өкмөттөрү жана суу жамааттары менен биргеликте суу түтүктөрүн алмаштырып, суу алгычтарды, жада калса суунун чыгымдалышын көзөмөлдөө үчүн акылдуу эсептегичтерди орнотушту.

Ар бир айылдын жашоочулары бизди жылуу тосуп алып, чоң жыйындарды өткөрүп, жаштар өздөрүнүн талантын көрсөтүштү!

Биздин “Туура тамактануу үчүн азык-түлүк системасын колдоо” долбоору Кыргызстан боюнча 37 айылды таза суу менен камсыз кылганына сыймыктанабыз! Биз жергиликтүү тургундарга ыңгайлуу жана сергек жашоого жардам берүү үчүн бул долбоордун үстүндө иштеп жатабыз.

© Copyright 2020 Fair and Sustainable Development Solutions