• Русский
  • Кыргыз
  • English
  • March

    27

    2023
🤝 Fair and Sustainable Development (FSDS) коомдук фондунан сонун жаңылык!

🤝 Fair and Sustainable Development (FSDS) коомдук фондунан сонун жаңылык!

Кечээ Ысык-Көл облусунун Тоң жана Жети-Өгүз райондорунда FSDS тарабынан дыйкандарга 9 миң түп көчөт (алма, өрүк, карагат жана малина), 21 генератор жана 21 тоок инкубаторлору таратылды. Бул техникалык жардам муктаж үй-бүлөлөрдүн ачарчылык коркунучун азайтуу максатын көздөгөн “Кыргыз Республикасынын айыл калкынын азык-түлүк коопсуздугу” долбоорунун алкагында берилди.

Жардамды салтанаттуу тапшырууга жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери жана орун басарлары, ошондой эле FSDSдин аткаруучу директору Муратбек Исмаилов катышты. Биздин партнер «Акылман консалт» уюму жер-жерлерде түздөн-түз иш алып барат.

Биз дыйкандарды колдоого кубанычтабыз жана айыл калкынын шарттарын жакшыртуу боюнча иштерди улантабыз.

#FSDS#айылчарба#Кыргызстан#фермерлерге#жардам

© Copyright 2020 Fair and Sustainable Development Solutions