• Русский
  • Кыргыз
  • English
  • February

    21

    2023
20-21-февраль күндөрү Бишкекте Fair and Sustainable Development Solutions коомдук фонду (FSDS) уюштурган “Эрте кийлигишүү” программасын өнүктүрүү боюнча Улуттук тармактын жыйыны болуп өттү.

20-21-февраль күндөрү Бишкекте Fair and Sustainable Development Solutions коомдук фонду (FSDS) уюштурган “Эрте кийлигишүү” программасын өнүктүрүү боюнча Улуттук тармактын жыйыны болуп өттү.

Жолугушууда катышуучулар Тармактын иш планын талкуулап, уюштуруу маселелерин чечишти, ошондой эле Тармактын жаңы мүчөлөрүн – Аплифт, Сантерра, Сос Деревни Кыргызстана жана «Максат» реабилитациялык борборун тосуп алышты.

Жыйындын экинчи бөлүгү 0 жаштан 8 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн диета жана тамактануу боюнча семинарга арналып, катышуучулар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды медициналык тейлөө стандарттарына ылайык адистештирилген тамак-аш менен камсыздоо маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө Тармактын мүчөлөрү борбордун иши менен таанышуу үчүн Балдарды жана үй-бүлөнү колдоо борборуна экскурсия жасашты.

© Copyright 2020 Fair and Sustainable Development Solutions