🚰 Баткен районунун Жаңырык айылында суу түтүктөрүн масштабдуу реконструкциялоо иштери аяктады
Fair and Sustainable Development Solutions (FSDS) коомдук фонду жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте «Туура тамактанууну жөнгө салуу үчүн жергиликтүү азык-түлүктөрдү өндүрүү системасын колдоо» долбоорунун алкагында айылдагы таза суу түтүктөрүн реконструкциялоо иштерин аяктады. Эми айылдын тургундары ичүүчү таза суу менен камсыз болду.
Жалпысынан долбоордун алкагында 2 млн сомдук иштер аткарылса, анын 500 миң сому жергиликтүү айыл өкмөттөрүнүн биргелешкен салымы болуп саналат.