
ФСДСтин кызматкерлеринин КР эмгек жана социалдык өнүгүү министри менен жолугушуусу
Бүгүн, 15-декабрда “Fair and Sustainable Development Solutions” (FSDS) коомдук фондунун кызматкерлери менен Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Ализа Солтобекованын жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө инклюзивдик коом боюнча программанын координатору Салтанат Сулайманбекова Социалдык өнүктүрүү министрлиги менен ФСДСтин ортосунда кол коюлган эки тараптуу кызматташуу меморандумунун алкагында жетишилген натыйжалар тууралуу айтып берди.

Учурда министрлик 2023-жылга чейинки иш планын иштеп жатканын эске алып, жолугушуунун катышуучулары мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтүү жаатындагы биргелешкен милдеттерди талкуулашты. Социалдык өнүктүрүү министри Солтобекова белгилегендей, мындай жолугушуулар уюмдар үчүн маанилүү жана зарыл, анткени дал ушул жерде биргелешкен иш-чараларды талкуулап, ресурстарды бириктирип, биргелешкен долбоорлор боюнча идеяларды сунуштоого болот.
