• Русский
  • Кыргыз
  • English
  • June

    3

    2021
КУЛАКТАНДЫРУУ: АЙЫЛДЫН ТАЗА СУУ СИСТЕМАСЫН ЖАКШЫРТУУГА МАТЕРИАЛДЫК

КУЛАКТАНДЫРУУ: АЙЫЛДЫН ТАЗА СУУ СИСТЕМАСЫН ЖАКШЫРТУУГА МАТЕРИАЛДЫК

КОЛДОО КӨРСӨТҮҮ  

«FSDS» Коомдук фонду – Кыргызстанда 2014-жылы негизделип, калктын жашоосун адилет экономикалык өнүктүрүү аркылуу жакшыртууга өз салымын кошуп келет. «FSDS» Коомдук фонду айылдардын таза-суу системасын куруу же оңдоо иштерине материалдык колдоо көрсөтүү максатында, кызыкдар болгон жергиликтүү бийлик органдарын “Таза-суу” долбооруна катышууга чакырат.

Долбоорго катышуунун талаптары:

  1. Кыскача негиздеме;
  • Айылдын таза суу системасы мамлекеттин же башка донорлордун таза-суу боюнча каржылоосунда толугу менен каралбаган болуш керек;
  • Толук техникалык документациялардын бар болушу;
  • Санитардык шайкештик;
  • Таза-суу системасынын туруктуулугун камсыз кылуунун далили;
  • Өздүк салым.

FSDS Коомдук уюму төмөнкү учурларда колдоо көрсөтө албайт:

  • Жогоруда көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаса;
  • Акчалай жардам сурап кайрылган учурларда;
  • Техникалык документацияны даярдоого;
  • Уруксат берүүчү документтерди же макулдашууларды алууга;

Катышуу үчүн Тиркеме 1 форматын толтуруп, каттын темасын «Таза-Суу» деп белгилеп, 2021-жылдын 21-июнунун саат 18:00 чейин office@fsds.kg дарегине жиберүү зарыл.

Суроо жооптор үчүн 0550 780 821 же 0550 780 825  номерлери менен байланыша аласыз.

Эскертүү: Каттардын көп болгондугуна байланыштуу документтер почтага келип түшкөндүгү тууралуу тастыктоо берилбейт. Тандалып алынган гана долбоорлор менен байланышуу мүмкүн болот.

© Copyright 2020 Fair and Sustainable Development Solutions