• Русский
  • Кыргыз
  • English
  • June

    14

    2021
Кочкор районунун 25 жаш активисттери бизнести пландоо боюнча окуудан өтүштү

Кочкор районунун 25 жаш активисттери бизнести пландоо боюнча окуудан өтүштү

10-июндан 11-июнга чейин Нарын облусунун Кочкор районунда бизнести пландаштыруу боюнча тренингдер өткөрүлүп, ага жергиликтүү жаштардан жана аялдардан 25 адам катышты.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар бизнести пландаштыруунун негиздерин үйрөнүштү: бизнес үчүн туруктуу идеяны кантип иштеп чыгуу, план аркылуу ойлонуу жана мүмкүн болуучу тобокелдиктерди баалоо. Эми катышуучулар өздөрүнүн долбоорлорун иштеп башташат, кийинчерээк алар FSDS КФнын «Кыргыз Республикасында жана Тажикстан Республикасындагы социалдык аялуу топтор үчүн социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү» долбоору тарабынан колдоого алынат.

Комиссия тарабынан тандалып алынган бизнес-идеялар  айыт жериндеги экономикалык демилгелер аркылуу жаштарды жана аялдарды колдоо максатында PF FSDS тарабынан каржыланат.

© Copyright 2020 Fair and Sustainable Development Solutions