
Жалал-Абад облусунун тургундары жашылча-жемиштерди кургаткычтарды алышты
21-июнда «Жарманке жана Туруктуу өнүгүү чечимдери» коомдук фонду Жалал-Абад РКСсы менен биргеликте Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун 45 тургунуна жашылча-жемиштерди кургатуу үчүн кургаткычтарды тапшырды.
Бул аракеттер айыл жериндеги аялдарды колдоо максатында, алардын киреше алып келүүчү ишмердүүлүгүн жакшыртуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга багытталган.
Колдоо “Айыл калкынын азык-түлүк коопсуздугу” долбоорунун алкагында көрсөтүлдү.




