FSDS коомдук фонду “Таза азык өндүрүү” конкурсун жарыялайт
Сынак жашылча жана мөмө-жемиш иштеткен чакан фермердик топторго жана кооперативдерге арналат. Ишкерчиликти өнүктүрүү үчүн техникалык жабдууларды сатып алууга көмөктөшөбүз.
Сынактын максаты – жашылча жана мөмө-жемишти кайра иштеткен феремерлерди колдоо менен калкты таза азык менен камсыздоо. Ошондой эле, таза азык өндүрүүнү баштаган жаш ишкерлерге дем берүү.
Сынакка ким жана кантип катыша алат?
- Кыргызстандын аймагында иш алып барган фермердик топ же кооперативдер;
- Бизнес-долбоор жашылча жана мөмө-жемишти өндүрүүгө багытталышы шарт;
- Маанилүү жагдай! чакан гранттар акчалай түрдө эмес, керектелген техникалык жабдууну сатып берүү түрүндө болот;
- Дагы бир шарт! Конкурстун катышуучусу өздүк салым катары жалпы бизнес-долбоордун 30% каржылоого даяр болушу керек.
Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү: 29-февраль 2024-ж., саат 17:00 чейин
Мыкты фермердик топторду биз кантип тандайбыз?
- Сунушталган бизнес-план так жана реалдуу жазылышы керек;
- Жалпы долбоордун суммасы 150 000 сомдон ашпашы керек;
- Жоопкерчиликтүү жана аракетчил мекендештерибиз менен иштешүүгө кызыкдарбыз!
Сынактын жыйынтыктары талкууга алынбайт жана талашка орун берилбейт!
Сынакка катышуу үчүн документтерди жүктөп алуу: