🤝 FSDSдин “Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн инклюзивдик коом, фаза 3″долбоорунун алкагында кесиптик багыт алуу максатында тигүүчүлүк, кулинария жана компьютердик курска окуп жатышкан 18 майыптуулугу бар жаштар курстарды ийгиликтүү аяктап, сертификаттарды алышты.
Алардын ар бири өз жетишкендиги менен бөлүшүп, келечекке максат коюшкандыгы, албетте, күндүн жанылыгы болду.