• Русский
  • Кыргыз
  • English
  • April

    25

    2022
Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы 140 үй-бүлө ФСДСтен колдоо алды

Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы 140 үй-бүлө ФСДСтен колдоо алды

Акыйкат жана туруктуу өнүгүү чечимдери коомдук фонду (FSDS) «Шоола Көл» коомдук фондунун аймактык өнөктөшү менен биргеликте Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы 140 үй-бүлөгө даректүү гуманитардык жардам көрсөттү.

Жардам коркунуч тобундагы үч жашка чейинки балдар жашаган калктын аялуу катмарындагы үй-бүлөлөргө берилди. Жалпысынан 140 үй-бүлө, анын ичинен Тоң районунда 90 үй-бүлө, Кочкор районунда 50 үй-бүлө 560 түп өрүктүн, 420 түп алманын көчөттөрүн, жашылча-жемиштердин үрөндөрүн алышты. Мындан тышкары үй-бүлөлөргө 3000 килограммдан арпанын үрөнү тапшырылды.

Бул иш-чара «Кыргызстандын айыл калкынын азык-түлүк коопсуздугу» долбоорунун алкагында уюштурулуп, ага ФСДС КФнын аткаруучу директору Муратбек Исмаилов жана «Шоола Көл» КФнын долбоордук кызматкерлери катышты.

© Copyright 2020 Fair and Sustainable Development Solutions