Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кара-Суу айылында тогуз үй кожойкеси йогурт жана башка сүт азыктарын чыгаруучу цех ачышты.
Ишкердикке умтулгандар алгачкы миллион сомун табышты. Бул жагынан аларга FSDS коомдук фонду жардам берди.
Айылдык кыз-келиндер мындан бир жыл мурун сүттү кайра иштеткенди, бизнес кылганды да билишпегенин айтышты. Бул видеодо алар кантип өз бизнесин баштаганы тууралуу айтып беришти.