«Майыптуулугу бар балдар үчүн инклюзивдик коом” долбоорунун алкагында FSDS фонду тарабынан Баткен шаары жана Баткен районундагы майыптуулугу бар жаштар үчүн кесипке багыттоо максатында курстар уюштурулду.
Курска 15 майыптуулугу бар жаштар катышышты. Кызыккан багыттары боюнча алар тигүүчүлүк, кулинария жана компьютердик сабаттуулук боюнча билим алышууда.