Ийгилик үлгүлөрү :: FSDS
    Pushy - Off-Canvas Navigation Menu
  • Русский
  • English

Ийгилик үлгүлөрү

“Ысык-Көлдөгү органикалык аймактар” долбоору боюнча ийгилик ийгилик үлгүлөрү

Султан Абдыкадыров, 58 жаш, дыйкан.

Султан теплицалар уюштуруу боюнча билим алган 200 дыйкандардын бири болгон. «Боконбай» айылында теплицага салым кылып,азыр ал жерде жашылча өстүрүп жатат.

Бүгүнкү күндө Султан сыймыктануу менен: «Мен химиялык жер семирткичтерди колдонуп чыгымдарды кыскартуу аркылуу өз кирешелерин көбөйтүп жана органикалык азыктарды өстүрүү үчүн өз ресурстарымды колдонгум келет. Элдер да менин азык-түлүгүм үчүн жогорку баасын төлөп берүүгө даяр» деп айтмакчы.

Султандын теплицасы 0,01 гектар жерде жайгашкан, ал эми жашылча -2 тонна түшүм менен иш жүргүзөт. «FSDS» КБ 3 теплицанын курулушуна салым кылган.

2015-жылы, органикалык жашылчалардын биринчи түшүмү 6 тоннадан ашып, өсүмдүктөрдүн 10% аярлуу коомчулук өкүлдөрүнө акысыз берилген.

 

 

Тилек Турдубеков, 53 жаш, Түп айылы

http://fsds.kg/upload/image/Turdubekov.jpgТилек 53 жаштагы, Ысык-Көлдөгү Түп районунун Арал органикалык аймагында турган дыйкан. «Оорганикалык айыл чарба жоболорун колдонуп, мен ар түрдүү өсүмдүктөрдү отургузуп баштадым. Бүгүнкү күндө мен кичинекей жерден бир нече гектар жерге караганда көп тапканыма эл ишенбейт. Мунун баары, «ИККО Кооперейш» жана «ФСДС» Коомдук бирикмесинин жардамы менен мүмкүн болду.»

«ИККО Кооперейшн» Органикалык өнүгүү федерациясы «Био-Кыргызстан» менен биргеликте шериктештиктерди өнүктүрүү боюнча долбоорду каржылаган. Алар 10 айылда 1200-түз жардам алуучулар менен иштешкен.

«ФСДС» долбоору органикалык чарба боюнча бир катар тренингдерди өткөрдү, айыл чарба кызмат түздү жана ветеринардык аспаптар менен камсыз кылды, теплица куруп, тамчылатып сугаруу системасын орнотту, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара жергиликтүү дыйкандар үчүн бир катар иш жүзүштүү.

 

 

Ветеринарлар командасы

http://fsds.kg/upload/image/photo_of_organicaymaks.jpg

Менин досторум жана мен жакында ветеринардык Жогорку окуу жайын бүтүрдүк, бирок ылайыктуу жумуш таба алган жокпус.

Ошондой эле, биз айыл чарба техника жана жергиликтүү дыйкандар үчүн дарылоого зарыл болгон каражаттарды сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок.

«ИККО Кооперейшн» жана анын стратегиялык өнөктөшү «ФСДС» Коомдук бирикмесинин жардамы менен биз хирургиялык аспаптарды алдык. Эми биз иштегенге даярбыз!

 

 

 

Омурбек Таштанов, 46 жаш, Тосор айылы

 

http://fsds.kg/upload/image/Omurbek_Drip-Irrigation-(1).jpgӨмүрбек өзүнүн 2 гектарга жетпеген жерине өрүк, алмурут жана алма дарактарын отургузуп иштеп баштаган.

Ал эми сугат менен бир көйгөй бар - суу тартыштыгы жана климаттын кургактыгы.

Долбоор ага тамчылатып сугаруу системасын сатып берген, азыр бактылуу дыйкан башка дыйкандарга сугаруу ыкмаларын үйрөтүп жатат. Тамчылатып сугаруу системасыны үчүн 2015-жылы бактардын баары сакталып калынган.

«Мен 2017-жылы биринчи түшүм алам деп ишенем. «ФСДС» Коомдук бирикмесине бүт бак-дарактарды сактап кала алганым үчүн рахмат. Биздин аймактын мөмө-жемиш дарактардагы вирустар менен күрөшүү боюнча кыйынчылык бар, мен азыр ал вирустарды жоготуш үчүн окумуштуулар менен иштешип жатам.»

«ФСДС»  КБ бул маселени эске алып Ысык-Көл облусунда дээрлик бардык райондорунда тренинг уюштурду. Азыркы учурда, тренингтердин жардамы менен дыйкандар вирустар менен туура күрөшүү жолдорун билишет.

 

 

 

Бакыт Жуманазаров, 44 жаш, Ак-Суу айылы

http://fsds.kg/upload/image/Bakyt_Veterinarian.jpgБакыт «ФСДС» Коомдук бирикмеси уюштурган ветеринардык кесиптик даярдоого катышкан. «ФСДС» КБ, Айыл чарба министирлиги жана Кыргыз улуттук агрардык университети биригип мал жана ветеринария менен байланышкан иш-чараларды колдоо үчүн программаны иштеп чыгышты.

Бардык 6 айылдын ветеринарлары хирургиялык аспаптарды, ошондой эле үрөн жана азот кабыл алды. Кыргыз улуттук агрардык университетинин мугалимдери 3-күндүк тренинг өткөрүштү.

Бакыт жасалма жол менен уруктандыруу, хирургиялык комплекти жана азот кабыл алды. Эми ал афылдагы бардык дыйкандарга кызмат көрсөтүүгө даяр.

«Мен бир күндө баарын алам деп ойлогон эмесмин. Азыр 1000ден ашкан дыйкандар өз убагында кесиптик кызматтарды алышат. Демек, кийинки жылы көйгөйлөр болбойт деп ойлойм.»

 

 

Мубаракшо Исламов, 30 жаш, Жаны-Жер айылы

 

http://fsds.kg/upload/image/Mubaraksho_marketing.jpg

Жаңы -Жер айылынын жаш дыйканы Мубаракшо Исламов органикалык айыл чарба менен алектенет. Жаңы –Жер Бишкектен 40 км аралыкта жайгашкан. Миграциянын жогорку деңгелине байланыштуу бул жерде элдер кийинки жылдары кана жашай башташты. Ушул айылда жашаган адамдар өлкөнүн түштүк аймактарынан келген ички мигранттар, ошондой эле алар абдан жакшы дыйкандар. Мубаракшо «ФСДС» КБ тренигтерирнин баарына катышып, органикалык технология жактан көп жаңы жаңы билим алды.

«Мен акча кетирбей, ички ресурстарды колдонуп компост жана гумус пайдаланам» дейт Мубаракшо. Ал 1 гектар жерде капуста өстүрөт (2015-жылы: 100дөн ашык тонна түшүм чыкты) дагы 1 гектарында башка жашылчалар. «Мен борбордо бир нече соодагерлер менен келишим түздүм. Андан кийин жашылчалар шаардагы базарларда сатылат. Мен экологиялык жактан таза азык-түлүктөрдү өстүргөнүмө сыймыктанам.»

 


 

«Ата-энелер инклюзивдүү коомдун түзүлүшүндө негизги күч» долбоору боюнча ийгилик үлгүлөрү

«Кайыгуудан үмүткө»

Менин атым Майрам. Мен эки аутист баланын апасымын- Айым жана Эрден. Биздин балдарыбызды эч жака албай, мен дагы жалгыз аларды карай албай калгам.Мен кана эмес, жолдошум да, жогорку билимге ээ болсо дагы,жумушубуздан чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Балдар бир аз убакытка эс алганда, түнкүсүн мен нандарды бышырды аны эртең менен жолдошум сатып келчү. Биздин ата-небиз каза болуп калганынан, эчкимден жардам күтпөйбүз. Келечек жөнүндө ойлонгум келген эмес- кайсыл жака барбасам, балдарымды үмүтсүз деп аташкан.

Андан кийин, 1,5 жыл мурун, мен биринчи жолу «Бириккен Кол» ресурстук борборуна туш келдим. Ошондон бери мен чет өлкөлүк эксперттер менен көптөгөн семинарларга катыштым. Ал жерден мен биринчи жолу окуталбаган балдар болбойт денег сөздөрдү уккам.

Русустук борбордун жардамы менен биз балдарга бир жыл бою стипендия алдык. Күйөм экөөбүз аутизм жөнүндө окуп баштагдык, болгон бош убакытыбызды балдарыбыз менен өткөрүп, тренингтерден алган билимди колдонуп балдар менен иштедик. Кичине болсо дагы, прогресс айкын болчу.

Азыр Айым менен Эрден “Ачык дүйнө” долбоорунун ичинде топ балдар менен сабактарга катышышат. Балдарымдын жакшы көргөн сабактары бар, мен ага абдан бактылуумун.

Баардык жетишкендиктерибиз «Бириккен кол» ресурстук борбордун кызматкерлеринин жардамы менен мүмкүн болду. Алар дэнсоолугу чектелген балдар бар үй-бүлөлөрдү колдоп, күнүгө жарык келечеке үмүт беришет.

                Майрам Оторбаева

 

«Жашоо жеңил болуп калды»

Мен өзгөчө баланын апасымын. Биз бир топ психолог, логопед,  психиатрларга барганыбызга карабастан уулумдун жүрүм-туруму барган сайын начарлоодо эле. Мен күйөм менен ресурстук борборуна келген күн түбөлүккө эсимде калат, ал күн - биздин жаңы жашообуздун башталышы.

Ресурстук борбордо уулумдун жүрүш-турушу жөнүндө майда-чүйдөсүнө чейин айтып берип, анкетанын суроолоруна жооп бердик. Бизге ал жерден аутизм тууралуу маалымат берип, жана интернеттеги сайттарды көрсөттү. Эң негизгиси, бизди ата-энелердин тренингтерине каттады. Тренингтер менин  көзүмдү ачты. Мен баламдын жүрүм-турумун, адаттарын түшүнө баштадым - кыйкырганы тышкы дүйнө менен байланышканга бир гана жолу болчу.

Башка ата-энелер мпнен таанышып, алар менен тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүгүм болду. Ошондой эле, баламды көргөндөн кийин мага казеинсиз жана глютенсиз тамактануну сунуш кылышты.

Буга чейин менин чыр токтолсо деген бир гана кыялым бар эле. Азыр балам 15 секундтун ичинде 10 үн айта алат жана алгачкы жазуу көндүмдөрдү үйрөндү.  Мунун баары «Бириккен Кол» ресурстук борборуна  жана донорлордун колдоосу менен жетиштик.

                                                                                                              Назгуль Султаналиева

 

Жарык келечек үчүн күрөш

Миргүл адистик деңгээлге чейин жогорулады. Ал аутизм менен ооруган балдар үчүн Ресурстук борбордо академиялык билимдерди окутуу боюнча программаны ишке ашырат.

«Биз «Бириккен кол» КБ Ресурсттук борборуна менин балам 3 жашында келдик. Аутизм тууралуу биринчи жолу ошондо билдим. Мен ал жерден, мага окшогон көйгөйгө кабылган энелер менен тааныштым. Алар мени ишенимдүүлүккө, токтоолукка үндөштү. Менин балам өзүнүн курбуларынан абдан айырмаланып турчу: ал машина жана велосипед менен ойной алчу эмес, башкалар сыяктуу ага кайрылып айтылган кепти түшүнчү эмес жана эң негизгиси, ал сүйлөй алчу эмес. Уктаганда, стулга олтурганда, жүрүм-туруму боюнча анын көйгөйлөрү бар болчу. Мен ал таптакыр үйрөнө албайт деп ойлогом.

7 балдар бакчасы бизден баш тартты. Мен ага жөн гана өзүнүн оюнчуктарын чогултууну үйрөтө албай койдум. Мен ага кандай жардам бере аларымды түшүнгөн эмесмин. Ал өмүр бою ушундай бойдон калат деген ойго көнүп калгам. Бир күнү жаныбыздан комбайн өтүп кетти, а менин балам керек болсо, ал тарапка караган да жок. Ал көрсө, эч нерсе түшүнбөгөн, дүлөй чет элдик экен. Мен анын көзүнө аны сүйлөтүүгө үмүтсүз көз жашым менен жалбарып караган күндөр болгон. Биз анын үнүн угабыз деп кыялданчу эмеспиз, биздин балабыз атын айтканда караса экен деп гана кыялданганбыз.

Жаңылганымды биринчи сабакта түшүнө баштадым, менин балама сабак жагарын түшүндүм жана анын биринчи сөзүн уктум. Сабактардын жүрүшүндө, менин уулум кыйын түзүлүштөрдү жана башка баш катырмаларды чогултууну жакшы көрөрүн билдим. Мен ишенимдүү айта алам, менин уулум кеминде мерчендайзер, балким конструктор болуп иштей алат. Ал сабакка  майрамга баргандай барат жана үйгө кеткиси келбейт. Биздин чет элдик экспреттердин насааттарынын бардыгын кабыл алып, мен өзүмдүн баламды түшүнүүдө колдоно баштадым. Ар бир кеңеш таасирдүү жана натыйжалуу.

Биз менен бирге келген энелер дагы баалуу кеңештерин беришти. Ресурсттук борбордо жүргүзүлгөн ар бир семинар пайдалуу болду.

Азыр менин балам 4,5 жашта. Ал биз менен көп баарлашат. Ал баштагыдай жалгыздыкты жактырбайт. Биздин кеп түзүүбүз баштапкы баскычта болсо дагы, бул бири-бирибизди түшүнүүгө токсоолдук кылбайт. Ал 10 сөздүн тегерегинде билет (б.а. дайыма колдонот), көбүн оозеки угуп түшүнөт – бул чоң жетшкендик. Ал өзүнүн оюн билдирүү жолдорун издейт жана карточка, телефон, планшет, момпосуйдун кабыктарын, печеньенин кутусунун капкактарын колдонуу менен бизди дайыма таң калтырат. Ал бизден тамак гана сурабастан, биздин ал менен чогуу ойноону дагы суранат. Ал өз алдынча дааратканага бара алат, өз алдынча тамактана алат, кадимки балдар менен балдар бакчасына бара алат. Анын жашындагы кадимки балдардан алыс болсок дагы, бардыгы жакшы болоруна мен күмөн санабайм. Мен бул борбордон өзүмдүн баламды түшүнүүнү, аны менен иштешкенди үйрөндүм. Бул – борбордун жетишкендиги. Элдин арасында балам “өзүн башкача алып жүргөнүнө” уялбайм. Мага борбор моралдык колдоо берди. Эл эмне деп айтса дагы мен эми тынчсызданбайм, мен аны башымдан өткөргөм.

Эгерде Ресурстук борбор болбогондо эмне кылмак элек!»

Миргуль, Умардын апасы

 

 
Аутизм жазасына эмес

Чолпонай эки баланы жалгыз тарбиялаган эне. Улуу баласы биздин окуянын каарманы Арстандан 10 жашка улуу. Арстандын энеси баланы өнүкпөйт деп ойлогон, анткени, ал сүйлөбөгөндүктөн, баланын өнүгүшүндө көйгөй бар экендигинен күмөн санаган эмес. Чолпонайдын айтымында дары-дармектер менен дарылоо эч кандай натыйжа берген эмес. Чолпонай жалгыз болгондуктан, үйдө балдар менен отура албайт эле жана ал үй-бүлөсүн багыш үчүн иштеши керек болчу. Баласын балдар бакчасына орноштуруш керек болуп, комиссиядан өтүүгө туура келет. 2011-жылы күзүндө комиссия баланы атайын дефектологиялык балдар бакчасына жиберүү жөнүндө чечим кылышат. Биздин шаарда балдар мекемелеринде орундар жетишперин жана балдар бакчасына баланы киргизүү чоң маселе экендигин билебиз, Чолпонай уулун логопедиялык балдар бакчасына кыйынчылык менен киргизет. Бирок бала эч ким менен мамиле түзбөй, сүйлөбөй жана бакчадан тамак жебей койгон, андан тышкары аны кароосуз калтырбаш керек эле – ал дарбазадан чыгып кетиши мүмкүн болчу. Чолпонай уулуна эмне болгондугун, бир нерсе туура эместигин билүү жөнүндө аракетин таштабай дарыгерлерге баруусун уланта берет. Ал дефектологго барат; андан соң дагы бир жолу – психиатрга, алар Арстанды психолог-дефектологдун сабактарына алып барууга аракет кылышат. Сабактан эч натыйжа чыкпайт, эч кандай алдыга жылуу болбойт.

Акырында Чолпонай уулу Арстан менен өзүнүн балдар психиатрынын кеңеши боюнча Психикалык саламаттык Республикалык Борборунун Башкы балдар психиатрына (Саера Махмудовна) келишет (апрель 2012). Ошол учурда Арстан сүйлөчү эмес, дайыма өзү менен өзү болуп жана башка «таң каларлык» жүрүм турумдары бар эле. Баланы карап көрүп, дарыгер бала аутизм менен оорурун энесине айтат. Бул учурда Чолпонай аутизм эмне экендиги жөнүндө түшүнүгү жок болчу жана дарыгер ага бул оору жөнүндө: аутизмди дарыланбай тургандыгы, өмүр бою аларды эмне күтүп жаткандыгы жөнүндө айтат. Эне абдан капаланып Арстан менен улуу баласы күтүп жаткан машинага отуруп, өзүн кармай албастап ыйлап жиберет да, кайгы менен айласыздан уулуна: “Мен сага таяныч, колдоо көрсөтүүчү адам жанныңда болсо дегем, бирок сага бул бир жүк боло турган болду!..”, ага уулу: “Эч нерсе эмес апа, мен чоңойгондо аны дарылатам”, деп жооп берет. Чолпонай эки күн кечке ыйлаганын айтты. Бирок колду жайып отура берүүгө да болбойт эле, бир нерсе кылуу керек болчу. Чолпонай иштеш үчүн улуу баласына жарым күнгө бала багуучу жалдаган. Бала өз алдынча тамак жебей, үйдө жылаңаяк (шымы жок) жүрчү, бактыга жараша дааратканага өзү бара алчу. Арстан мурда тамакты жакшы жечү, ар түрдүү тамактарды жасап берчүбүз, бирок кандайдыр бир убакта ал көп тамактардан баш тартып, тамактануунун рациону азайып кетти дейт энеси. Баланын тамактануусу азыр дагы өзгөчө маселе. Бала багуучу жарым жылдын ичинде үйдөн шымын кийип жүрүүгө үйрөттү, майда нерселерди жипке тизүүнү үйрөнүп, тил алып, бала багуучу ага китеп окуп берип жатканда кандайдыр бир үн чыгарып калчу.

2012-жылдын апрелинде Чолпонай улуттук телеканалдан “Бириккен кол” Ресурстук борборунун көрсөтүүсүн көрүп калат, анда эне-педагог Анара Асаналиева аутизм жөнүндө, борбор жөнүндө, дарылоо/аутист балдарды окутуу жөнүндө айтып берет. Ал дароо эле Инернеттен Борбордун байланыш номерлерин издеп таап, Жылдыз Садыкова менен байланышат. Аны борборго чакырышып, Джоан Майер жана Анара эне-бала менен баарлашышат жана баланын ошол учурдагы көндүмдөрүн аныкташат. Кийинчерээк Вильям Эдвардс менен жолугуп кабатырланган эне: «Ал эми сүйлөйбү?» деп сурайт, ал: «Жарым жыл өткөндөн кийин сүйлөй баштайт» деп жооп берет. Июндан декабрга чейин АВА усулу боюнча жана башка текшерилген усулдар боюнча окуудан кийин, Арстан декабрда биринчи сөзүн айтып баштады. Бул «апа» деген сөз болбосо дагы, кадимки баладай сүйлөп баштаганына Чолпонай абдан кубанычта болду. Азыр анын сөздүк кору көп. Ал кошуналардын балдары менен ойнойт, аларга Арстандын жөнөкөй бала эмес экендигин түшүндүрүшкөн. Алар аны менен ойноодо түшүнүү менен мамиле кылышып, ага ыңгайлаштырышат. Алар аны менен абдан ынтымактуу жана жакшы тил табыша алышат. Арстан эч качан агрессиясын көрсөтпөсө дагы балдар аянтчасында андан четтеп качкан балдар кездешет, а тескерисинче башка балдар менен мамиле түзүүдө аларга камкордук көрөт. Аларга кийинүүгө, бут кийимин кийүүгө жардам берет. Мектепте балдарды парталарга отургузуп, педагогдун кыймыл-аракеттерин туурайт. Башка баланын маңдайына отуруп алып ага айтат: «Азыр сабак окуйбуз… мага көрсөтчү…, муну мага көрсөтчү…»

2016-жылы Арстан «Талант» жеке мектебине кадимки балдар менен биринчи класска барып, жалпы билим берүүчү программаны өздөштүрүп жатат. Арстан азыр 8 жашта. Мектепке озү эле бара алат. 3 жашынан баштап Бишкектеги Аутизм борборуна барып, интенсивдүү АВА-терапия боюнча жеке сабак алган.

 

Адинахан

Адинахан 2000-жылы Даун синдрому менен жана психикалык-сүйлөө өнүгүүсүнүн кечигүүсү менен төрөлгөн. Өзүнүн бөлмөсүндө гана жүрчү, сүйлөй алчу эмес, бейтааныш адамдарды көргөндө туталанып жана коркчу, алардан четтеп, кездешүүдөн качып жана өзүнүн бөлмөсүнө жашынып калчу. Уй жана торпок алгандан кийин, Адинахан абдан өзгөрдү – кийинки жолугушууларда жайдары болуп калды, канааттануу менен сүйлөшөт, торпокту жана уйду кубануу менен көрсөтөт. Ошондой эле Адинахандын абалы жана табы жакшырды, ал малды тоюндурууга жана сугарууга аракет кылат, 2016-жылдын мартында уй тууйт жана экинчи төл берет. Жаңы сүт азыктары менен тамактануунун сапаты байыды. Адинахан үчүн ортопедиялык бут кийим тапшырык кылып алынды. Башка балдар сыяктуу эле, Адинахан майрамдык салтанаттарга жана иш-чараларга катышып, башка балдар менен ойнойт.

 


 

«Борбор азия кыймылда» долбоору боюнча ийгилик үлгүлөрү

 

 

Джалал Абад районунун кызматкери, Салыжан Умаров, жергиликтүү бийлик органдарынын жана өкмөттүк эмес уюмдардын ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу боюнча кандай натыйжаларга жеткенин айтып берди.

2015-жылы Жалал-Абад шаарынын мэриясы жана ''ISEDA'' Коомдук бирикмеси мигранттардын үй-бүлөлөрүнө жардам берүү менен кызматташууну баштаган, натыйжасында 25 кишиден турган коомдук кеңеш уюштурулду.

Биринчиден, эмгек мигранттарынын, үйдө калган балдардын жана жардамга муктаж адамдардын саны аныкталган. Жалал-Абадта чоң-ата чоң-энелердин колуна калган балдар көп. Коомдук кеңештин биринчи жумушу балдарды бала бакчага киргизүү болду. Комитет балдардын жашоо шарттарын карап шарттары өзгөчө оор үй- бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүү.

Мындан тышкары, чакан Коомдук кеңеш Орусия тарабынан киргизилген Кыргыз жарандардын «кара тизмесинен» чыгуусуна жардам берди. Жалпысынан, «кара тизмеден» 100дөй адам чыгарылган. Расмий түрдө чет өлкөгө болжол менен 16 миң киши иштейт.

Муктаж болгондордун жашоо шарттарын жакшыртуу үчүн 2015-жылы Жалал-Абад шаарынын мэриясы жарым миллион сом бөлүп берген.

 

 

Биздин негизги максатыбыз- ар бир баланы бактылуу балалык менен камсыз кылуу!

 

Чакан коомдук кеңеш түзүлгөн учурдан тартып Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Багыш айыл округу жергиликтүү коомчулук менен тыкыз иш жүргүзө баштады. Бул кызматташуунун бир натыйжасы айылда «Ай-Нур»бала бакчасынын  курулушуна бюджеттен акча бөлүнгөн.

 

Бала-бакчасынын ачылышынын максаттары төмөнкүлөр:

  • Бардык окуучуларга, айрыкча, эмгек мигранттарынын балдарына, ар тараптуу өнүгүү үчүн заманбап жана коопсуз шарттарын түзүү;
  • окуу программасына ылайык, баштапкы билим берүү;
  • балага тарбия жана билим берүү маселелери боюнча мигранттардын үй-бүлөлөрүнө жардам берүү;
  • баланын жекече өзгөчөлүктөрүн өнүктүрүү.

«Биздин негизги максатыбыз - ар бир баланы бактылуу балалык менен камсыз кылуу!» дейт, Адина Кожонова, Багыш айыл округунун коомдук маселелер боюнча адиси.

 

 

 

“Жоогазын” балдар бакчасы

«ЕАЭБнин шартарында мигранттардын жана алардын үй-бүлөө мүчөөлөрүнүн ишкердик демилгелерди сапатын жакшыртуу үчүн комплекстүү мамиле аркылуу экономикалык өнүгүү жана мүмкүнчүлүктөрдү күчөтүү» долбоорунун алкагында, Рассвет айылында бала бакча ачылды. Бала бакчага азыркы учурда  60 бала барат, анын ичинен 70% мигранттардын балдары. Бала-бакчасынын ачылышында негизги милдеттер балдарды тарбиялоо жана негизги билим берүү, мигранттардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүү болуп саналат.

 

Бала бакчаны ачуу үчүн Кичи Коомдук Кеңештин мүчөлөрү жергиликтүү бюджеттен 1 млн сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүп бергенине салым салышты, ошондой эле, коомчулук салымы 100 000 сомго жетти. Бардык бөлүнгөн каражаттар өзүнчө жылыткыч системасынын- курулушуна жана эски имараты калыбына келтирүүгө сарпталган. Бул идея Жогорку Кенештин депутаты тарабынан колдоого алып (депутаттын аты-жөнү айтылбайт) балдар үчүн 80 керебет алынган. Коомдук фонд «ISEDA» тарабынан балдарга оюнчуктар жана өсүмдүктөр алынган. Бардык тамак-аш чыгымдары жана бала бакча кызматкерлерине айлык акы төлөө, жергиликтүү жана мамлекеттик бюджетке киргизилген. Жакынкы келечекте биз 5-6 жаштагы балдар үчүн даярдоо тобунун ачууну пландаштырып жатабыз.

 

«ЕАЭБнин шартарында мигранттардын жана алардын үй-бүлөө мүчөөлөрүнүн ишкердик демилгелерди сапатын жакшыртуу үчүн комплекстүү мамиле аркылуу экономикалык өнүгүү жана мүмкүнчүлүктөрдү күчөтүү» долбоору ФСДСтин колдоосу менен ишке ашырылат.