Ата-энелер инклюзивдүү коомдун түзүлүшүндө негизги күч :: Долбоорлор :: FSDS
    Pushy - Off-Canvas Navigation Menu
  • Русский
  • English

Ата-энелер инклюзивдүү коомдун түзүлүшүндө негизги күч

Ата-энелер инклюзивдүү коомдун түзүлүшүндө негизги күч

 

Ата-энелер ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген (ДМЧ) балдарынын жашоосун жакшыртууда негизги күч болуп саналат деген ойго таянуу менен,  «ИККО Коперейшн» эл аралык уюму, кийинчерээк “ФСДС” КБси Кыргызстандын бардык тарабындагы ДМЧ менен жабыркаган балдар менен иштеп жаткан ата-энелер жетектеген 20дан ашык ресурстук бейөкмөт уюмдарга (БӨУ) даректик жардам көрсөттү.

Мындай ишмердүүлүктүн жыйынтыгында «Жанырык» аттуу улуттук түйүн түзүлгөн. Демилгесиздик, бөлүнүү жана ата-энелердин укуктук сабатсыздыгы, тиешелүү бийликтерге карата ишенимдин жоктугу жана стереотиптер менен күрөшүүнүн маанилүү экендиги аныкталып, долбоордун максаттары жана милдеттери калыптандырылды. Алардын ичинде:

  1. натыйжалуу коалиция түзүү үчүн потенциалдык жогорулатуу;
  2. чечим кабыл алуу процессинде катышуу мүмкүнчүлүгүн жогорулата турган көп тараптуу кызматташууну өнүктүрүү;
  3. стереотиптер менен жана коомчулуктагы жаман адаттар менен күрөшүү.

 “ФСДС” КБсы бир канча тренингдерди жана жолугушууларды өткөрдү, бул “Жаңырык” түйүнүнө өзүнүн ишмердүүлүгүндө натыйжалуураак болууга мүмкүнчүлүк берди. Мисалы, каржылык менеджментке окутуу түйүндүн мүчөлөрүнө каржылык туруктуулук боюнча өзүнүн пландарын жана стратегиясын  иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берди. Бери дегенде эле түйүндүн 5 мүчөсү ушул пландарга ээ, алардын ичинен экөө аларды тажрыйба жүзүндө аткара башташты, мындай жол менен алар өзүнүн ишмердүүлүгүн колдоо үчүн кошумча каражаттарды иштеп таба алышат.

Мамлекеттик органдар тарабынан колдоону жана алар менен кызматташууну камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтардагы  ыйгарым укуктуу Өкүлдөрү менен тогуз макулдашууга кол коюлду.

ОО "Ассоциация родителей детей с ограниченными возможностями"